Бишкек.24.01.2019.Govori.TV.
Кыргызстан командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Азия кубогунун 1/8 финалындагы «мыкты голдун» ээси болуу үчүн ат салышууда.
Футболчу улуттук команданын Бириккен Араб Эмирлиги менен болгон беттешинин 27-минутасында өзгөчөлөнө алгебан. Топту Ахлидин Исраилов ашырып бергенден кийин дарбазачыны алдап, түп, топту капталдан тээп киргизген.
Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3: 1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 3: 2 эсебинде утулуп калган.