• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эртең экс-президенттер ээрчишип «Ата-Бейитке» барат

6 Чын куран 2018 18:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.04.2018.Govori.TV
Экс-президент Роза Отунбаева эртең, 7-апрелде «Ата Бейит» мемориалдык комплексине  андагы баатырларды эскерүү, куран окуу аземине барат. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондусунан тастыкташты.
Белгилей кетсек, «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда апрель окуясында курман болгондорду эскерүү иш чарасы өтөт. Президенттин маалымат кызматы иш чарага экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылганын билдирген.
Эске салсак, былтыр 7-апрелдин 7 жылдыгында «Ата Бейитке» экс-президент Роза Отунбаева чакыртылган эмес.
Количество просмотров: 11