• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ЕАЭБ ажырымы. Казакстан Кыргызстанды чектөөдө

5 Чын куран 2019 15:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.04.2019. Govori.TV.


Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинен баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өткөрүлбөй турган автоунаалардын саны арбыганы белгилүү. Мамлекеттик чек ара кызматы мындай абалдын жаралышына казак тараптын Кыргызстандын товаларын тыкыр көзөмөлдөөсү себеп болуп жатканын билдирген болчу.

Бажы маселеси тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маселе каралып, депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна шек келип жатканын айтуу менен бирге бул маселе чоң чатактын башы болгону турганын эскертти.

Бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган автоунаалардын өтө албай турушу боюнча өкмөт унчукпай жатат деген пикирлерге өз оюн билдирди.

Мындай маселени чечүүдө Кыргызстандын өкмөтү тараптан чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Govori.TV” агенттигине билдирген.

Мамлекетте мындай маселе алгачкы жолу болуп жаткан жери жок. Андыктан коомчулукта өкмөт өзү билдиргендей бул маселени тезинен чечип, элдин көйгөйүн жеңилдетип берсе дегендер арбын экенин жашырууга мүмкүн эмес.

Теги:
Количество просмотров: 15