Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.
Эфиопиядагы Дэбрэ-Зэйт шаарынын жанында Boeing жүргүнчү учагы кулап, 157 киши каза тапты. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты.
«Ethiopian Airlines» авиакомпаниясынын маалыматына караганда, бортто 35 өлкөнүн жарандары, жалпысынан 157 киши бараткан.
Эфиопияда кулаган учакта Германиянын беш, Орусия, Австрия жана Швециянын үчтөн жараны болгону аныкталды.
Словакия Элдик Радасынын депутаты Антон Хрнко бул кырсыкта аялын, кызын жана уулун жоготконун “Фейсбуктагы” барагына жазды.
«Боинг-737» 10-марттын таңында Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге багыт алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндө кырсыкка кабылган.
Учак Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан 08:38де Найробини көздөй чыккан. Ал эми бир нече мүнөттөн кийин эле, тагыраагы 08:44тө байланыш үзүлгөн.
Кырсыктын себептери азырынча белгилүү боло элек.