Бүгүн, 22-майда «Урал Авиалиния» авикомпаниянын Екатеринбург—Бишкек—Екатеринбург чартердик каттамы менен Бишкекке 22 кыргызстандык жаран келди. Чартердик рейс Россия тараптан жарандарын алып кетүү үчүн уюштурулган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Бишкекке 22 жаран Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийск шаарларынан келишти. Келгендердин бардыгы обсервацияга жайгаштырылат.