• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Эки эле жыл физрук болуп иштеген депутат Икрамов билим берүүнүн отличниги болду

15 Үчтүн айы 201912:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019.Govori.TV.

Депутат Тазабек Икрамов «Билим берүүнүн отличниги» наамын алып, Instagram баракчасына төш белгиси менен күбөлүгүнүн сүрөтүн жарыялаган.

Төш белгини декабрь айында билим берүү министринин орун басары Жапаркул Ташиев тапшырган. Kaktus.mediaнын бул тууралуу суроосуна аталган министрлик Тазабек Икрамовду сыйлыкка Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети сунуштаганын белгилеген.

Кызыгы, Тазабек Икрамовдун официалдуу өмүр баянында 1998-жана 2000-жылдарда, тактап айтканда эки жыл гана физрук болуп иштегендиги жазылган, кийин бизнеске кетип «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп келген Бул сыйлыктары менен катар Тазабек Икрамов миграция кызматынын «Шериктештик үчүн» төш белгисин жана маданият министрлигинин Ардак грамотасын дагы алган.

Эске салсак, «Билим берүүнүн отличниги» наамына талапкерлер үзгүлтүксүз жыйырма жылдык иш тажрыйбага жана министрликтин Ардак грамотасына ээ болушу керек.

Теги:
Количество просмотров: 22