• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Эки тарап актанды. Өкмөт маселени чечеби?

1 Чын куран 2019 19:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.04.2019. Govori.TV.

Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүүгө аракет кылган автоунаалардын саны 140тан ашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борбору кабарлаган.

Мекеме бул жагдайды Казакстан Республикасына кирүүдө оор жүк ташуучу транспорттор катуу текшерилип жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Ар бир автоунааны текшерүү убактысы узаргандыктан кезек да созулуп жаткандыгын кошумчалаган.

Govori.TV. агенттиги бул маселе менен жеринен таанышып келген.

Бүгүн 1-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан чек арада 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турганын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезекте турат;

31-март саат 20:00дөн 1-апрель саат 08:00гө чейин аталган көзөмөл өткөрүү пунктунан 158 оор жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн;

“Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунда 60-70 жеңил унаа жана 25-30га жакын жүк ташуучу унаалар турат.

Чек арада турган азык-түлүк ташуучу унаалар фито-санитардык көзөмөлдүн талаптарына туура келбегендиктен ушундай маселе жаралып жаткандыгы айтылган. Бул туурасында Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев кезекте турган унаалардын арасында аталган министрликке тиешелүү продукция ташыган унаалардын жок экендигин билдирди.

Казакстандын Финансы министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, чек арада жүк ташуучу автоунаалардын өтө албай турганына алардын текшерүүдөн өтүүгө каршы чыгып жатканы себеп болууда.

«27-марттан баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» өткөрмө бекетинде кытайлык жана түркиялык товарларды ташып бараткан 9 транспорттук автоунаа текшерүүдөн өткөрүлүп, бирок алардын баарынын товарды коштогон документтеринде туура эмес маалымат көрсөтүлгөн. 27-марттан бери 40 жүк ташуучу автоунаа өз ыктыяры менен документтерин тууралап келүү максатында кайра артка кайткан. Ошол эле учурда кыргызстандык товарлардын баары визуалдык текшерүүдөн өтүп, алардан эч кандай эреже бузуу байкалган эмес» деп билдирди Казакстандын Финансы министрлиги.

Мындай маселени бир жактуу кароо туура эместигин  Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев билдирди:

Бул аралыкта Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын Президенттин аппаратынан билдиришти.

“Сүйлөшүүлөр өкмөттөрдүн деңгээлинде өтүп жатат. Казак тарап күнүмдүк тиричиликте колдонулчу буюм-тайымдарды текшерүүгө алууда. Ал эми тамак-аш штаттык режимде өткөрүлүп жатат”.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маселе оң тарабына чечилеби азырынча белгисиз.

Теги:
Количество просмотров: 28