• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Өзгөндө эки унаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алды

14 Жалган куран 201917:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Өзгөн районунда эки унаанын сүзүшүп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечээ 13-март күнү саат 08:30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 605-чакырымында, тактап айтканда Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 1962-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну С.Н. өзүнүн «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына учураган. Ал Жалал-Абад шаарына кетип бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып кеткен жана «Дэу Тико» унаасы менен кагылышкан. «Дэу Тико» унаасын 2000-жылы туулган Өзгөн районунун К. уулу Б. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

фото turmush.kg
фото turmush.kg

Анын кесепетинен «Дэу Тико» унаасында бара жаткан жүргүнчүлөр — 1959-жылы туулган Ж.Р., 1960-жылы туулган Т.А. жана 1966-жылы туулган Б.Г. аттуу Өзгөн районунун тургундары ар кандай жаракаттарды алышып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аталган кырсык боюнча Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


Количество просмотров: 39