Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.
Эки жашар бала бир сутка тоодо жоголуп, бир суткадан кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ноокен району, Токоол-Ата токой чарбасынын Жерде-Айгыр жайлоосунда 20-июнь күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында 2017-жылы туулган Р.И. жоголгондугу тууралуу, 21-июнь күнү саат 12:30дар чамасында маалымат түшкөн.
Майлуу-Суу шаардык Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысы к-н А.Аккуловдун жетекчилигиндеги куткаруучу топ, милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган, жана жергиликтүү жашоочулар да тартылган.
Натыйжада 21-июнь күнү саат 17:50 Майлуу-Суу шаардык жана Ноокен райондук ӨКБнүн куткаруучулары Майлуу-Суу шаардык ИИМнин кызматкерлери менен биргеликте Р.И. ни , жашаган чатырынан 5 чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан жеринен табышып, ата-энесине өткөрүп беришти. Ден-соолугу жакшы.