Камактагы Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык, ал коронавируска анализ тапшырды. Бу тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-июнь күнү шектүү Каныбек Осмоналиев ден-соолугунун начарлыгын айтып, ага тез жардам кызматы чакыртылган.
“Учурда К. Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле К. Осмоналиев COVID-19га ПЦР-анализ тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.