Кызматтан алынган Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев азык-түлүк кризиси жөнүндө дайындалган жаңы министрге эскертүү берди.
Анын айтымында, өлкөдө шекер жана өсүмдүк майынын чектелүү гана көлөмү бар.
«Кайыңды заводдо 18 миң тонна шекер бар. Кампаларында 8 миң тонна гана калган, бирок алар дыйкандарга таандык. Бул болжол менен 3 айга жетиши мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби аткезчилик. Шекер ири көлөмдө Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолгон. Суу майдын запасы 5 ай убакытка жетет»,-деди ал.
Токтогазиев ошондой эле Улуттук статистикалык комитеттин азык-түлүк менен камсыздоо боюнча маалыматтары иш жүзүндөгү маалыматтардан айырмаланып турганын айтып, жаңы министрге өнөктөштөр, донорлор менен ушул маселени иштеп чыгууну сунуш кылды.