Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV
Сот-укуктук реформа жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес маалымат жеткизип жатат. Айрым учурда жалган маалымат жеткизип жатат десек дагы болот. Мындай пикирин сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү Гүлмира Маматкеримова билдирди.
Анын билдирүүсүнө ылайык өлкөдө ушул жаатта мыкты чагылдырган журналисттер жетишсиз.
“Акыркы учурда журналисттер жалган маалыматтын курмандыгы болуп калганын байкап атабыз. Ошондуктан ушундай жолугушуу уюштуруп туура маалымат жеткизүүнү туура көрдүк. Бирок, учурда сот-укуктук реформасы боюнча мыкты жазган профессионалдуу журналисттер жок болуп жатат”,-дейт Маматкеримова.