• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Экспорттоого ылайыкталган айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилет

14 Бирдин айы 201914:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV

Айыл чарба продукциясын өндүрүүдө экспорттоого ылайыкталган продукцияларды өндүрүүгө басым жасаган дыйкандарга жеңилдик берилет. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министринин статс-катчысы Максатбек Ташболотов билдирди.

“Экспортко багытталган айыл чарба продукциясын өндүрүүгө багытталган продукцияны өндүргөн дыйкандарга 7пайыздык насыя берилет. Ал эми экспорттоого багытталбагандар үчүн насыя 10пайыз менен берилет”,-деди Ташболотов.

Алдын-ала божомолго ылайык эң көп экспорттоого талап кылынган азыктарга төмөнкүлөр кирээрин белгиледи.

 Алар:

Картошка, төө бурчак, кургатылган жемиштер, гилас, бал, эт азыктары, сүт азыктары, капуста, пахта жана дан өсүмдүктөрү.


Теги:
Количество просмотров: 26