• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Экстремалдуу материалдарды тараткан жаран соттолду

12 Бирдин айы 2019 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Фейсбукта экстремалдык мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн жаранды соттоду.

Маалыматка караганда, күнөөлүү «Калыс үмүт» баракчасына ар кандай экстремалдык атрибуттарды жана сүрөттөрдү жарыялаган.

Мамлекеттик дин комиссиясынын экспертизасы боюнча, жарыяланган материалдар тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү болуп чыкты.

Соттук отурумда айыпталуучу экстремист эмес экендигин айтып, тыюу салынган эч нерсе жарыялабаганын кошумчалады. Бирок, сот анын ишине далилдер бар экенин билдирип, 1 жылга шарттуу түрдө кести.

Количество просмотров: 23