• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

11 Бирдин айы 2019 16:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, ушул жылдын 29-январында УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын негизинде, КР жараны М.Х. кармалды.

«Такталган маалыматтарга ылайык, шектүү 2015-жылы «джихад» идеологиясын көздөп, Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген», -деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 21