• Жекшемби 19 Үчтүн айы 2020

ЭлТР телеканалы “Азаттыктын” иликтөөсүн эфирге чыгаруудан баш тартты

5 декабря 2019 в 9:13 Бишкек Govori.TV

ЭлТР телеканалы “Азаттык” радиосунун “Көмүскө акча ташыгандар кербени” аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгаруудан 4-декабрда баш тартты.

Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаев мындай жүйө келтирди:

“Бүт баары расмий, бир тараптуу жасалган. Монолог. Алып баруучунун гана монологу. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан биз муну бере албайбыз. Бул менин жеке пикирим. Бизде жамааттык форма бар. Ошол карап, бир тараптуу деп тапты. Силер жибергенден баштап карады”.

“Азаттык” 29 мүнөт 53 секундалык иликтөөнү телеканалга 4-декабрда 17:54дө жиберген. Эфирге 20:00дө берилмек.

Иликтөөдө жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнүн тымызын иштетип келген уйгур тектүү кытай жараны, ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити, 23-октябрда сөөгү «Манас» аэропортунун жанынан табылган таксист Хусан Керимов жана андан бир жума мурун сөөгү Нарын облусунда табылган «Мадина» базарынын соодагери Хуфур Абдурахеман тууралуу да сөз болот.

Иликтөөнү “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” жана “Kloop” порталы бирге жасады. Бул системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларациялардын, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы жана башка документтери текшерилип, бир катар интервьюлар алынды.

Программанын текст жана видео түрүндө azattyk.org сайтына чыкты. YouTube порталына, социалдык тармактарга жайгаштырылды.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган. Анын негизинде күч органдары териштирүү баштаган. ЭлТРдин жетекчиси “тергөө жүрүп жатат” деп ушуну айтты.

“Азаттык” радиосунун жарым сааттык телепрограммалары келишимдик негизде иш күндөрү ЭлТРде 2016-жылдан бери көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 103