• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эльвира Сурабалдиеванын суроосу эксперттин нааразычылыгын жаратты

23 Үчтүн айы 2019 12:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселе каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов келген жок. Кечээ, 22-январда Жогорку Кеңештин эки комитети тарабынан жалпы жыйынга жетекчилер өздөрү катышсын деген чечим чыгарылган.

Парламенттик жыйында жол эрежелерин бузуу тууралуу айып пулдар жөнүндө суроо узаткан Эльвира Сурабалдиевага эксперт нааразычылык билдирди.  

Ал билдиргендей, жаңы кодекстерде укуктук коллизия бар.

«20 чакырымга чейин катуу айдаганга болбойт деген аймакта катуу ылдамдык менен айдаган жеке жактар 1 миң сом айып төлөйт. 40 чакырымдан жогору болсо 7 миң 500 сом төлөйт. Мында татаалдык бар. Эгерде айдоочу саатына 39 чакырым менен келе жатса, анда 1 миң сом айып төлөйт. Эгер 40 болсо анда башка сумма. Бул жемкорлукка алып келиши мүмкүн. Эртең МАИ кызматкери айдоочуну токтотуп, бир чакырым айрыма үчүн 7 миң 500 сом талапк ылышы мүмкүн», -деди Эльвира Сурабалдиева.

«Бүткүл өлкөгө уят болгонубузду моюнга алышыбыз керек», -деди ал.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев аталган норма ылдамдыкты чектеген белгилер жайгашкан аймактарга гана тийиштүү деди. Айтымында, кодексте көп ката бар. «Жумушчу топ түзүлдү, кодекске өзгөртүү киргизебиз», -деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 41