• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Эмил Токтошев: «Мадумаровго партиядагы орун үчүн акча берген деген калптын өзүнүн логикасы жок!»

29 Кулжа 2022 23:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан » партиясынан шайланып келген депутаты Эмил Токтошев шайлоо учурунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясында эч кандай акча алып-берүү болбогонун билдирди.

Ал «фейк маалыматка ишенүү — караңгылык!»,-деп эсептейт.

«Шайлоо учурунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясында эч кандай акча алып-берүү болбогонун билдирем! Ага себеп да болгон эмес. Анткени: бул жолку шайлоо мурдагыдан өзгөчө өттү. Ким депутат болоорун партия лидери чечпей калган. Ар бир кандидат алган добуштун санына жараша орду жылышып, мандат алаары мыйзамда жазылган.
Ал жерде таасирлер же акча менен алдыга жылдырып коюу да мүмкүн эмес. Шайлоо учурунда баары реалдуу убакыт режиминде, кимдин канча добуш алганы экрандарда ачык көрсөтүлүп турду. Мандат алуу үчүн партиядагы кезек санына эмес, добуштун саны мааниге ээ болгондуктан, добуштун жыйынтыгы менен БШК мандат берди.
Ошондуктан Мадумаровго партиядагы орун үчүн акча берген деген калптын өзүнүн логикасы жок!»

«Түштөн кийин жалган маалымат чыгаруунун эмне муктаждыгы бар эле?! Же чындап эле муктаждык болуп жатабы?»

«Маалымат алаарда медиа-сабаттуу болуп, алгачкы маалымат булагына көңүл бурууга чакырат элем»,-деп жазды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Мадумаров жетектеген «Бүтүн Кыргызстан » партиясынан шайланып келген айрым депутаттардан акча алган деген маалымат тараган.

Количество просмотров: 604