Душанбеде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бир тууганы Курбонби Рахмонова коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу Азия-Плюс мамлекет башчынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазды.
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги «Азия-Плюстун» маалымат булагы билдиргендей, Курбонби Рахмонова Дүйшөмбүнүн №5 клиникалык ооруканасында дарылануудан өткөн. Анын сөөгү бүгүн Дангарда жерге берилет. Ал 64 жашта эле.
Эске салсак, коронавирустун экинчи толкуну Тажикстанда 21-июнда башталган. Ага чейин коңшу өлкөнүн бийлиги республикада коронавирустун катталган учурларын айтпай келишкен.