• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Эрдоган кыргызстандык кыз менен чогуу ырдады. Анкарадагы фестивалдан видео

29 Чын куран 2019 9:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Эгемендик жана балдар майрамына карата фестиваль 1979-жылдан бери уюштурулуп, ага жыл сайын дүйнө жүзүнөн балдар катышат.

Аталган фестивалда быйыл 40 өлкөдөн келген ырчылар жана бийчилер тобу катышып, ал эми Кыргызстанды таанытуу максатында «ДЭА» бий ансамбли барган.

«Түркиянын президенти Ражеп Тайип Эрдоган фестивалдагы кыргыз кызы Бермет Жумабекованын ырдаганына өзгөчө көңүл бөлүп, кошулуп ырдады», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле соңунда Эрдоган «ДЭА» элдик бий ансамбли менен өзүнчө кыскача маек курганы айтылат.


Количество просмотров: 28