• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Фарид Ниязов 10-июнга чейин камакта калды

6 Чын куран 2021 9:10 Бишкек Govori.TV

Президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязов 10-июнга чейин камакта калды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 5-апрелде Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, камактагы мөөнөтүн дагы 2 айга узартуу чечимин чыгарган. Ошентип, Фарид Ниязов СИЗО-1де 10-июнга чейин кармакта болот.

Эске салсак, өткөн жылдын 5-9-октябрь күндөрү Бишкектин борбордук аянтында болгон окуяларга катышы барларды аныктоо үчүн «массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган. Фарид Ниязов ошондой эле 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда.

Количество просмотров: 65