• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Молдокматов, Асанов, Ниязов 14-январга чейин камакта калды

17 Бештин айы 2021 17:26 Бишкек Govori.TV

Биринчи Май райондук соту Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовду 2022-жылдын 14-январына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, сот мындай чечимди бүгүн, 17-декабрда чыгарды.

Эске салсак, ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча. Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн. Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча айып тагылган. Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 428