• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Фарид Ниязов абактан чыкты

28 Кулжа 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин карап өкүм чыгарды.

Соттун өкүмү менен бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан баардык айыпталуучулар кылмыштын курамы жоктуганан улам акталып, күнөөсүз деп табылды.

Ал эми президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун камакка алуу жөнүндө бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылды.

«Мындай чечим чыгат дегенге аз болсо да оюм бар болчу. Сот отурумдарында биздин күнөбүз бар деген сөздү эч бир күбө айткан эмес. Соттун чечими адилеттүү болду», — деди ал.

Мамлекеттик айыптоочу тарап Алмазбек Атамбаев баш болгон айыпталуучулардын бардыгын күнөөлүү деп таап, он эки жылдан жети жылга чейин камоону соттон өтүнгөн. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча айыпталууда.

Эске салсак, 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген. 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган болчу.

Количество просмотров: 321