Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV
Ар бир кыргызстандык жаран өзүнүн коопсуздугун сезиши керек. Алардын жынысына, кызыкчылыгына жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабай коопсуздугун камсыздоо керек. Мындай пикирин жарандык активист, «8/365» маршынынын катышуучусу Надира Масюмова билдирди.
«Жылына бир күн гана эмес, 365 күн аялдын укугу корголушу керек»,-деди Масюмова.
Анын айтымында «5-каналдын» түз эфиринде «кырк чоро» тарабынан феминисттик демилгесинин мүчөсүнө коркутуу болгон.
» Буга өкмөт көңүл бурушу зарыл»,-деди Масюмова.