• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ферганада түнкүсүн селектордук жыйынга бараткан төрт мугалим жол кырсыгынан каза болду

3 Тогуздун айы 2019 8:50 Бишкек Govori.TV

Фергана облусунун Дангара районундагы төрт мектептин директорлорунун орун басарлары жол кырсыгына кабылып, каза болушту. Алар түнкү селектордук жыйынга катышуу үчүн облус борборуна баратышкан.

Маалыматтарга ылайык, окуя 30-сентябрга караган түнү болгон. Өз булактардын айтымында, унааны башкарып бараткан №26 мектептин директорунун орун басары уктап кетип, автоунаа жол жээгиндеги электр мамысына сүзүлгөн.

– Директорлордун орун басарлары сакал коюуга жана хижаб кийүүгө каршы кампанияга арналган жыйынга катышуу үчүн Фергана облустук акимчилигине баратышкан. Жыйын түңкү саат бирге белгиленген, алар Дангара районунан саат 11де чыгышкан. Кокон шаарынан өтүп баратканда айдоочу уктап кетип, автоунаа жолдон чыгып кеткен.

​Кокон шаардык ички иштер башкармалыгынан жол кырсыгы фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Булак: https://www.centralasian.org

Количество просмотров: 280