• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Фоторепортаж — Ошто премьер-министрдин катышуусунда жаңы жылдык балаты майрамы өттү

27 Бештин айы 201816:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV

Түштүк жергесиндеги 700дөн ашуун балдар Жаңы жылга карата  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунан белек алышты.

 Бүгүн, 27-декабрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Аяз атага — салам кат» аттуу балдар үчүн чоң жаңы жылдык программадагы концерт өттү.

Жаңы жылдык концертке Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

 Кечеде Аяз ата өзүнүн аяз кызы менен кат окуп, балдардын кыялын орундатты. Мындан сырткары майрамдык салтанатка кыргыз эстрадасынын популярдуу ырчылары  катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

 Сүрөттөр Ош шаардык мэриясына тиешелүү.

На данном изображении может находиться: один или несколько человек, ночь и в помещении
Теги:
Количество просмотров: 16