Бишкек.16.01.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн чечүүчү таймашка филиппиндик атаандаштары менен оюн талаасына чыгып, утушка жетти.
Азиянын кубогу үчүн болгон мелдеште Кыргызстандын футбол боюнча командасы бүгүнкү оюнда жеңишке жетти. Тактап айтканда Филиппиндин футбол боюнча командасын 3-1 эсебинде утуп алды.
Таймаш Дубайдагы Rashid Stadium стадионунда өттү.
Эскерте кетсек, улуттук команда буга чейин тайпалаштары Кытай 1:2 жана Түштүк Кореядан 0:1 эсебинде утулуп калган.
Филиппиндиктерди жеңгенден кийин, үчүнчү орундан плей-оффко чыга турган төрт команданын катарынан орун алат.