Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV
Бишкек шаарында футболдук стадион курулушун каалаган Рахатбек Байтелиев анын долбоорун да даярдады. Бул стадион 25-30 миң орунга ылайыкталган.
Р.Байтелиев Sport АКИpress басылмасына: «Жаңы стадион куруу тууралуу көптөн бери айтылып жатканы менен бул багытта эч кандай иш жүргөн жок. Мен ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) бардык талаптарын изилдеп чыгып, өзүмдүн долбоорумду түзүүнү чечтим. Азырынча бул долбоорду эч кимге көрсөтө элекмин», — деп билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашырууга кеминде 6 гектар жер керектелет. Ал эми болжолдуу суммасы 30 млн долларга жетет.
32 жаштагы Рахатбек Байтелиев жеке архитектуралык компанияда архитектор жана директор болуп эмгектенет.







