• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Футболго жаңы эрежелер киргизилди

4 Жалган куран 20199:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV

Футбол ассоциацияларынын дүйнөлүк кеңеши (IFAB) миллиондор оюнунун эрежесине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтынан билдиришти.  

Биринчи өзгөрүү топту кол менен ойноо боюнча. Мындан ары гол киргизип жаткан футболчунун колуна топ кокустан болсо да тийип калса, эреже бузулган болуп эсептелет.

Экинчиден, алмашууга кетип жаткан футболчу эң жакын болгон талаа сызыгына чыгууга милдеттүү.  Азыркы эрежде оюнчу алмашууда отурган футболчулардын алдындагы талаа сызыгынан чыгат.

Үчүнчүдөн, айыптыкты аткарып жаткан команданын оюнчулары, коргонуп жаткан футболчулар койгон жандуу дубалдын катарында турууга болбойт. Алар оюнчулар жайгашкан дубалдан кеминде бир метр алыс болуусу шарт.

Төртүнчү өзгөрүү 11 метрлик айып тобун (пенальти) тебүүгө байланыштуу. Эми дарбазачы белгиленген сызыкка болгону бир буту менен тийип тура алат. Азыркы эрежеде 11 метрлик топту тосуп жатканда дарбазачы эки буту менен сызыкта турушу керек.

Ошондой эле, сары жана кызыл айып кагаздары машыктыруучуларга да берилет. Эгер топ калыска тийип калса, “талаш топ” (спорный мяч) белгиленет.

Жаңы өзгөрүүлөр 2019-жылдын июнь айынан тартып күчүнө кирет.

Теги:
Количество просмотров: 30