• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Футболисттер Павел Мамаев менен Александр Кокорин абактан чыкты

17 Аяк оона 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

Бейбаштык үчүн соттолгон орусиялык футболисттер Павел Мамаев менен Александр Кокорин Белгород облусундагы түзөтүү абагынан чыкты. Ошондой эле абактан Кокориндин бир тууганы Кирилл да бошотулду.

Адвокаттын айтымында, Кокорин 16-сентябрда «Зенит» футбол клубу менен жаңы келишим түздү. Ал эми Мамаевдин «Краснодар» клубу менен мурдагы келишими азыр да күчүндө.

6-сентябрда Алексев райондук соту көчмө жыйында футболисттерди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Алар былтыр октябрь айында Москвада көчөдөн жана ресторандардын биринде мушташ чыгарып, бейтааныш адамдарга кол көтөргөн деген айып менен камакка алынган.

Быйыл май айында Москва шаарындагы Пресненск райондук соту футболчуларды күнөөлүү деп тапкан жана ар бирин 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 66