• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Г. Кудайбердиева: «ММУ боюнча мурунку алты талкуу башка учурда болгон»

28 Жалган куран 2019 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

27-мартта Бишкекте “Илим менен билимди өнүктүрүү-келечекке инвестиция” деген аталышта кыргыз-россиялык ректорлордун биринчи форуму өткөн. Анда кыргыз тарап ММУнун филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштаган. ММУнун ректору М.Садовничий бул сунуш кыргыз тараптын жетинчи жолку сунушу экендигин айтып уяткарган эле.

«Мен буга чейин алты жолу макулдук бердим. Бир жолу билет да алып алдым эле. Ишке ашпай калды. Мында Москва университетинин күнөөсү жок,»-деди М.Садовничий.

Ал эми бүгүн, бул тууралуу КР илим жана билим берүү министри Г. Кудайбердиев ММУ боюнча мурунку алты талкуу башка учурда болгонун айтты.

«ММУнун филиалы боюнча мурда 6 жолу талкуу болгон. Талкуу азыр эмес башка учурда болгон. Кечээ толук маалымат алдык. Бардыгын карап чыктык. 2011-2012-жылдары ушул тема талкуу болгон. Азыр дагы бул теманы актуалдаштырып айтып кетет элем, бул долбоор биздин билим берүү үчүн абдан маанилүү долбоор болот. ММУнун филиалы ачылышы мүмкүн»,-деди Гүлмира Кудайбердиева.

Эске салсак, форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору, Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышты.

Теги:
Количество просмотров: 9