• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Гүлзат Мамытбек кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн

26 Бирдин айы 2020 10:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Гүлзат Мамытбектин мурдакы күйөөсү Талант Курманкуловду актады. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Гүлзат Мамытбек Талант Курманкулов сабаганын айтып, милицияга кайрылган.

«Талант Курманкулов толук акталды. Гүлзат Мамытбектин айткандары такталган жок. Эми биз жалган жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек өзүн «кыргыз деми» деп атап, мотивациялык окууларды өткөрүп келет.

Талант Курманкулов экөөнүн ортодо үч баласы бар.

Жогорку соттун чечимине Гүлзат Мамытбек эч кандай пикирин билдире элек.

Количество просмотров: 22367