Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV
Өзүн кыргыздын деми деп атаган Гүлзат Мамытбектин жаңы клиби чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн интернеттеги баракчасына бөлүштү.
“Биздин жаңы клипибиз чыкты. “Мен жасай алам”, -деп бөлүштү Мамытбек. Ырчы клипти абдан өзгөчө кылып тартканын көрүүгө болот. Бул көпчүлүккө жат көрүнүштү көрсөткөн жаңы стилди ырчы Z-pop деп атаган.
Көпчүлүк Гүлзат Мамытбектин жаңы образын өзгөчө талкууга алып жакшы да жаман да пикирлерин билдиришүүдө.
Булак: “Барометр”