• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Германияга уча турган учак жаңылышып Шотландияга конду

26 Жалган куран 2019 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV

Англиянын British Airways учагы, Германиянын Дюссельдорф шаарына учуунун ордуна жаңылыштык менен Шотландиянын борбор шаары Эдинбургга конду.

Англиянын борбор калаасы Лондондон учкан учак, учкучка жаңылыш маалымат берилишинин себебинен Германиянын ордуна Шотландияга бет алды.

Жүргүнчүлөр жаңылыштыкты учкучтун Эдинбургга жакындап калганын жарыялоосунан кийин билсе, учак күйүүчү отун алып жана 2,5 саат күткөндөн кийин 800 чакырым алыстыктагы Дюссельдорфко карай кайра учту.

Аба жолу фирмасынын жарыялоосунда жаңылышытыктын себебин билиш үчүн British Airways фирмасынын атынан бул каттамды ишке ашырган WDL Авиация  менен иштешип жатканы белгиленди.

WDL Авиациядан болсо «бактысыз чаташтыруунун» себебинин белгиленишине аракет кылынып жатканы жарыяланды.

ВВСге маалымат берген Софи Кук, учкучтун Эдинбургга конуу үчүн төмөндөгөнүн жарыялоосун ар ким тамаша деп ойлогонун айтты.

Булак: “RACURS.KG”

Теги:
Количество просмотров: 13