Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.
ЖК жалпы жыйынында Тазабек Икрамов кайрадан гомосексуализм темасына кайрылды. Ал кечээги катасына түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, айрым журналисттер анын катасын колдонуп роликтерди таркатып жатышат.
«Ооба, мен ката кылдым, эмоциямды жашыра алабай туура эмес сүйлөп алдым. Чыныгы жигит мындай сөздөрдү сүйлөбөшү керек», -деди эл өкүлү.
Эске салсак, 13-мартта депутаттар 8-мартта болгон феминисттердин жөө жүрүшүн талкууга алышкан. Анда депутат Тазабек Икрамов «гомосексуализм» сөзүн айта албай койгон.