• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун реванш-беттеши болоору айтылды

1 Бирдин айы 2019 13:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV

UFC  башчысы Дэйна Уайт россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегор экөөнүн беттеши болуп калышы мүмкүн экендигин жана мушташтын шарттары тууралуу кабарлады. Бул тууралуу ал ESRN эфиринде айтты.

Дэйна Уайттын пикири боюнча эки мушкерди беттештиргенден мурда аларды дагы башка татыктуу атаандаштар менен беттештирип көрүү зарыл. Ал Макгрегорго америкалык Дональд Серронду ал эми Нурмагомедовго америкалык Тони Фергюсонду татыктуу деп ойлоорун да кошумчалады.

«Жогоруда айтылган эки беттештен кийин гана Макгрегор менен Нурмагомедовдун реваншын өткөрүүгө болот», -деди Уайт.

Эске салсак, 2018-жылдын 7-октябрында UFC чемпиондугундагы беттеште Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңип чыккан. Беттеш аяктаары менен Хабиб октагондон ашып түшүп Макгрегордун машыктыруучусуна кол салган.

Булак: “Барометр”

Количество просмотров: 25