• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Herbalife продукцияларын мыйзамсыз алып келүүлөр аныкталды

26 Бирдин айы 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы кабарлады.

Алсак, “Чоң-Капка авто жолу” контролдук өткөрмө пунктунан 21,8 тонна алма, 2,3 млн сомдук 27,7 тонна түтүк, 17,7 млн сомдук 1442 даана унаанын айнегин алып кирүү аракетине бөгөт коюлган. Бардык импорттоочуларда товарларды ташып кирүүгө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

“Ак-Тилек авто жолу” постунан айдоочулар 8,2 тонна пеноплекс, товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 974 миң сомго 1304 коробка жемиш жана коштомо кагазы жок 4,4 млн сомдук консолидацияланган жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

“Чалдовар” контролдук-өткөрмө пунктунан товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 65 коробка Herbalife продукциясын алып өтүп бара жаткан унаа кармалган.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 50