Чүйдө кыш мезгилинде электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Чүй облусунун жогорку чыңалуу электр тармактары ишканасынын директору Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, электр энергияны пайдалануу боюнча лимит мурдатан бери эле киргизилип келет.
“Бул электр энергиясын пайдалануучуларды тартипке салат. Маал-маалы менен өчүрүү деле болбойт. Бул мурдатан бери эле киргизилип келинген”,-деди Ибраев.