• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ички иштер министрлигинде өзгөртүлгөн туу көтөрүлдү

1 Үчтүн айы 202416:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 1-январда өзгөртүлгөн туу көтөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланды. Маалыматка караганда, тууну көтөрүү аземине министрликтин Генералдар кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садыр Дубанаев, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана башкалар катышты.

Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон. Анда туудагы күндүн нурлары жана түндүктөгү чамгарак өзгөртүлгөн.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, анын максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Количество просмотров: 162