• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ: Коменданттык саат учурунда көчөдө жүргөн 91 жаран кармалды

19 Чын куран 20209:47 Бишкек Govori.TV

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 91 жаран кармалып, 4 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 57, Жалал-Абад шаары боюнча – 4, Ош шаары боюнча — 8, Нарын шаары — 6, Ноокат району — 1 жана Сузак району — 12, Кара-Суу району боюнча — 3 жаран кармалган. Ал эми Ат-Башы району боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Количество просмотров: 100