Коменданттык сааттын (21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин) шартын бузган 76 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 48, Жалал-Абад шаары боюнча – 8, Ош шаары боюнча — 5, Ат-Башы району боюнча — 15 кармалып, ички иштер орган бөлүмтөрүнө жеткирилген.
Кошумчалай кетсек, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3913 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган.