Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 93 жаран кармалып, 8 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 74, Жалал-Абад шаары боюнча – 5, Ош шаары боюнча — 6, Кара-Суу району боюнча — 3, Ат-Башы району боюнча — 5. Ал эми Нарын шаарында жана Сузак районунда тартип бузуулар катталган жок.