• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ИИМ: Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты тынч өттү

26 Бугу 2023 11:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты эч кандай өзгөчө кырдаалсыз, тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болду. Бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.

Учурда өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Количество просмотров: 68