• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: милиция кызматкерлери 2500 доллар пара менен кармалды

25 Үчтүн айы 2019 10:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.01.2019.Govori.TV

ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМК менен биргеликте 24-январда Бишкек шаардык милициясынын Е.А аттуу кызматкерин жана ИИМдин Н.У жана Ж.Т аттуу мурдагы кызматкерлерин 2500 доллар пара менен кармады. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Коррупцияга шектелип кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды. Милициянын мурдагы кызматкерлери пара талап кылуу жана алдамчылыкка шектелип издөөдө жүрүшкөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 22-январда Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлери кымыш ишин козгону ишке ашырбоо үчүн 3000 АКШ долларын талап кылып жатат деген арыз менен кайрылган. 

Теги:
Количество просмотров: 8