Ички иштер министрлиги Бишкекте болгон мас абалдагы жарандын окуясы боюнча маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, 10-июль күнү “102” кызматына Бишкек шаарынын Күлиев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар спирттик ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп, чыр-чатак чыгарып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Аталган факт Бишкек шаарынын ИИББнын МЭЖге катталган.
Окуя болгон жерге, Бишкек ШИИББнын МККК полкунун кызматкерлери дароо барган учурда, бир нече жаран мас абалында коомдук тартипти бузуп, өтүп бара жаткан адамдарга асылып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жаткандыгы аныкталган.
«Ошондой эле милиция кызматкерлери окуя болуп жаткан жерге барганда, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн. Окуя учурунда милиция кызматкерлеринин бири, айланадагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, мыйзам чегинде белгизсиз жарандын бирине карата самбо ыкмаларын колдонууга аргасыз болгон. Бишкек шаарында болгон окуяга байланыштуу, милиция кызматкери өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында физикалык күч колдонууга мажбур болгон учур боюнча, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.