• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ президенттин үнү коштолгон жарнамаларга ишенбөөгө чакырды

31 Бугу 202411:02 Бишкек Govori.TV

ИИМ социалдык тармактардагы өлкө жетекчилигинин үнү менен ар кандай инвестициялык компанияларды жарнамалаган жалган видеолорго ишенбөөгө чакырды.

Министрлик белгилегендей, видеолорго жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган өлкө жетекчилигинин үндөрү кошулган.

«Урматтуу жарандар, өлкө жетекчилигинин үндөрү менен жасалган жалган видеолорго жана үн билдирүүлөрүнө ишенбеңиздер. Эгерде сиздин социалдык баракчаңызга ушундай видеолор чыгып калса, ага ишенбөөнү жана башкаларга жөнөтпөөнү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамда жалган маалымат тараткандар үчүн жоопкерчилик каралганы эскертилди.

Количество просмотров: 107