Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин мурдагы депутаты Р.Жээнбеков камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
ИИМдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштө кылмыш жаза кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) менен жана 264 беренесинин 1,2 жана 3- бөлүктөрүнө ылайык (массалык баш аламандыктарды уюштуруу) кылмыш иши кылмыштарды жана жоруктарды каттоо бирдиктүү рээстрине катталган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында 2019-жылдын 12 –декабрында кылмыш жаза кодексинин 244-беренесинин 2-бөлүгүндөгү барымтага алуу жана 264-беренесинин 1,2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы боюнча кылмыш жасагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын кылмыш жана процессуалдык Кодексинин 98-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин мурдагы депутаты 1970-жылы туулган Джээнбеков Равшана Бабырбекович Бишкек ШИИББнын убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды.
ИИМ
Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргузүүдө.