Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында кылмуштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында 6644 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Өспүрүм», «Кароосуз», «Камкордук», «Кайрадан мектепке», «Антирэкет», «Лидер» аттуу иш-чаралар жүргүзүлгөн.
«Рейд учурунда 3328 жашы жете электер аныкталып, алардын ичинен 423 көчөлөрдө жашап жүргөндөр, 139 кайырчылык кылгандар, 11 спирт ичимдигин колдонгондор аныкталган. Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү маалыматтар социалдык коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 9 ай ичинде жашы жете электердин арасында 72 өзүнө-өзү кол салуу фактысы катталган.
«Алардын ичинен 51 балдар болсо, 21 кыздар болушат. Өзүнө өзү кол салууга балдардын көйгөйлөрүнө улуулардын көңүл кош мамилеси, анын ичинде баланын аң-сезимине оор таасир берген үй-бүлөлүк чыр-чатактар түрткү болууда»,-деп айтылат маалыматта.