Ички иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында унаа өрттөнгөн окуя боюнча маалымат таратты.
ИИМдин маалыматы боюнча, 29 жаштагы Б.К. аттуу жаран Mazda Demio унаасы менен Тыныстанов көчөсү менен ылдый бара жатып, «Ак-Кеме» бала бакчасынын тушунан унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтогон. Андан соң унаадан өрт чыга баштаган.
«ӨКМдин өрт өчүрүүчү унаасы келгенче, өрттү өчүрүүгө өтүп бара жаткан айдоочулар жана жарандар жардам беришкен. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Жабырлануучу жок. Белгилеп кетчү жагдай, бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Кошумчалай кетсек, Бишкектин Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Түркиянын элчилигинин имараты жайгашкан.
Буга чейин соцтармактарга Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнүп жаткан унаанын видеосу тараган.