• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ИИМ жарандарды телефон шылуундарынан сак болууга чакырат

19 Бирдин айы 2024 11:15 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги жарандарды телефон шылуундарынан сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда. ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана 102 кызматтарына аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн баштай телефондук алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр келип түшүүдө.

ИИМдин тийиштүү кызматтары кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Белгиленгендей, телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде милиция жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, кабарды өзүңүз так текшерип, жакындарыңыз менен байланышып тактоону сунуштайт.

«Чалган шылуундардын талаптарын аткарууга шашпаңыз жана күнү-түнү 102 кыска номери жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө токтоосуз кабарлаңыздар», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 50